04.11.2025
Кароолор: (73)
Мөөнөтүнөн Мурда Шайлоо Ноябрь - 2025
Кыргыз республикасынын президенти садыр жапаровдун 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 жарлыгына ылайык, жогорку кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт. Жарлык конституцияга жана тиешелүү мыйзамдарга ылайык кабыл алынып, өлкөдөгү саясий туруктуулукту камсыздоого, эл менен бийликтин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө багытталган.
Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү кыргыз республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жүктөлдү. Министрлер кабинети финансылык жана уюштуруу иштерин камсыздап, шайлоочулардын укуктарын жана коомдук тартипти коргоо боюнча чараларды көрөт. Башкы прокуратура мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт.
Тоң районундагы даярдык иштери
Тоң районунда шайлоого даярдык жогорку деңгээлде жүрүүдө. Райондук жана айылдык штабдар түзүлүп, шайлоочулардын тизмеси такталууда, добуш берүү жайлары жана электрондук системалар даярдалууда.
Коопсуздук жана мыйзамдуулук негизги багыттар болуп, ички иштер жана коопсуздук органдары тартипти камсыздоо боюнча өзгөчө режимде иш алып барууда.
Ар бир жаран үчүн мүмкүнчүлүк жана ачыктык
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүүлүк шарттары түзүлүп, пандустар жана ыңгайлуу добуш берүү жайлары уюштурулду. Шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына мыйзам чегинде иштөө шарттары түзүлгөн.
Таза шайлоо — таза келечек
Мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо — эл ишенимин чыңдоого жана мамлекеттин өнүгүү багытын аныктоого багытталган маанилүү кадам. Ар бир жаран өз добушу менен өлкөнүн келечегине салым кошот.