12.05.2026
Кароолор: (4)
МЕДАЙЫМДАРГА УРМАТ - АДАМ ӨМҮРҮНӨ КАМКОРДУК
Бүгүн Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Медайымдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык жыйынга саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, медайымдар жана мекеме жетекчилери катышты.
Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Бактыбек Арапбаевич катышып, райондогу медайымдарды кесиптик майрамы менен куттуктады.
Аким өз сөзүндө медайымдардын кесиби адам өмүрү менен түздөн-түз байланышкан эң жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү кесиптердин бири экенин белгиледи. Ал бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагынын туруктуу иш алып барышында медайымдардын орду өзгөчө экенине токтолду.
Куттуктоо сөзүндө медайымдардын эл аралык күнү 1971-жылы Эл аралык медайымдар кеңеши тарабынан бекитилип, дүйнө жүзүндө 12-майда белгиленип келе жаткандыгы, ал эми Кыргызстанда бул күн 1996-жылдан бери белгиленип келери айтылды.
Ошондой эле пандемия мезгилиндеги медицина кызматкерлеринин каармандык эмгеги өзгөчө белгиленип, 2020-жылдагы оор кырдаалда медайымдар күнү-түнү кызмат өтөп, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга зор салым кошкону баса белгиленди.
“Мейли төрөт бөлүмү болобу, операциялык столбу же жугуштуу оорулар бөлүмүбү - ак халатчан медайымдар ар дайым эл саламаттыгы үчүн талыкпай эмгектенип келишет”, - деп белгиледи район башчысы.
Салтанаттын жүрүшүндө бир катар медайымдарга үзүрлүү эмгеги үчүн Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш-чара соңунда медицина кызматкерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бейпил турмуш жана жооптуу иштерине ийгиликтер кааланды.


