23.09.2025
Кароолор: (84)
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
23-сентябрда Тоң районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Бөкөнбай айылынын маданият үйүндө уюштурулган жыйынга Тоң райондук администрация башчысы – акимдин орун басары Шаршенбек кызы Гүлбүбү жана мекеме жетекчилери катышты. Иш-чарада маданий кызматкерлердин театралдаштырылган программасы, кыргыз тилин даңазалаган ырлар, макал-лакаптар жана обондуу чыгармалар тартууланды.
Райондук билим берүү кызматкерлери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Мамлекеттик тил күнүнө карата Тоң районунда 10-сентябрдан 10-октябрына чейин атайын бир айлык жарыяланды. Анын алкагында айыл аймактардагы көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилге ылайыктоо, мекеме-ишканаларда атайын бурчтарды ачуу, билим берүү мекемелеринде тарбиялык сааттар жана көркөм окуу сынактары өткөрүү каралган. Ар бир айыл өкмөтүндө өз алдынча маданий жана агартуу иш-чаралары уюштурулат.
2025-жылдын 23-сентябры кыргыз эли үчүн тарыхый күн. Так ушул күнү кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгенине 36 жыл толду. 1989-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алып, эне тилдин кадыр-баркын көтөрдү. 2023-жылы кабыл алынган Конституциялык Мыйзам мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдеди.
Кыргыз тили – мамлекеттүүлүктүн, улуттук иденттүүлүктүн жана коомдук биримдиктин символу. Бул күн ар бир жаранды эне тилин сактап, келечек муундарга таза өткөрүүгө чакырат.






