30.09.2025
Кароолор: (180)
МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ИШИНЕ БАА БЕРҮҮ ЭМИ QR-КОД АРКЫЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ
Тоң районунда мамлекеттик жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жарандардын түз баа берүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул багытта райондук мамлекеттик администрациясында, мекеме-ишканаларда жана айыл өкмөттөрүнүн имараттарыда атайын QR-коддор орнотулду.
Эми ар бир жаран көрсөтүлгөн кызматтардын деңгээлине өзүнүн калыс пикирин билдире алат. QR-кодду смартфон аркылуу сканерлөө же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу кирүү жетиштүү. Колдонуучулар кызмат сапатына 5 баллдык шкала менен баа берип, кааласа кошумча комментарий да калтыра алышат.
Жаңы механизмдин негизги артыкчылыктары — ачыктык жана ыңгайлуулук. Бул мамлекеттик органдардын ишин калыс баалоого шарт түзүп, алардын сапаттуу кызмат көрсөтүүсүнө түрткү болот. Ошондой эле жарандар көтөргөн көйгөйлөр өз убагында белгиленип, тиешелүү чаралар көрүлөт.
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги даярдаган жобонун негизинде “Пикирлер” маалыматтык тутуму киргизилип жатат. Документте белгиленгендей, санариптештирүү бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү курал болуп калды.
Тоң районунда бул системаны ишке киргизүүнүн башкы максаты — ар бир жаранга өз оюн ачык билдирүүгө жол ачуу. Бул, бир жагынан, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга, экинчи жагынан, мамлекеттик органдар менен калктын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө кызмат кылат.
Жарандардын пикирлери эми жөн гана сунуш эмес, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүчү негизги булак болуп калат. Демек, кызмат сапатын жакшыртууга баарыбыздын салымыбыз кошулат.