25.06.2025
Кароолор: (15)
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ — КООМДУН ИШЕНИМИН АКТАГАН МИССИЯ

Тоң районунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленди
2025-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Мамлекеттик кызматкерлер күнү Тоң районунда өзгөчө урмат-сый менен белгиленди.
Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Бактыбек Арапбевич, райондук деңгээлдеги мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматтын ардагерлери катышты.
Салтанаттуу жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик башкаруу системасындагы үзүрлүү иши, жарандарга так жана кынтыксыз кызмат көрсөтүүдөгү салымы менен айырмаланган кызматкерлер ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктары тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттик кызматтын ардагерлерине да ыраазычылык билдирилип, белектер тапшырылды. Бул алардын көп жылдык тажрыйбасын жана мамлекеттик башкаруунун өнүгүшүнө кошкон салымын баалоонун белгиси болуп калды.
Мындан сырткары, райондук администрациянын атайын буйругунун негизинде мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытындагы үзүрлүү ишмердүүлүгү үчүн төмөнкү кызматкерлер Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты:
- Абдыраманова Элмира Калыковна – Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Казыев Адилет Жекшебекович – Ак-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
- Алиев Байышбек Майрамбекович – Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси;
- Шакенова Аида Асанбековна – Тоң райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси.
Ошондой эле, мамлекеттик башкаруу тармагындагы талыкпаган эмгеги жана жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгү үчүн төмөнкү кызматкерлерге Ыраазычылык баракчалары тапшырылды:
- Султанбек уулу Алтынбек – Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын экономикалык өнүктүрүү секторунун башкы адиси;
- Джаналиева Алима Султанбековна – Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын иш кагаздары боюнча башкы адиси;
- Дыйканов Алмазбек Капарбекович – Улахол айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана мал чарбачылыгы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча башкы адиси;
- Касыева Гулнура Алмазбековна – Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн иш кагаздары боюнча адиси жана архивариусу.
Бул сыйлоо — мамлекеттик кызматкердин ар бир күндүк талыкпаган эмгегине болгон коомдун жана мамлекеттин жообу. Мамлекеттик кызмат — бул элге кызмат кылуунун, жоопкерчиликтин жана адилеттүүлүктүн символу. Ишеним, кесипкөйлүк жана коомго болгон берилгендик — бул ар бир мамлекеттик кызматкердин башкы өзгөчөлүгү болууга тийиш.
Салтанаттуу иш-чара мамлекеттик кызматкерлерди шыктандырып, аларды келечекте дагы жарандардын ишенимин актоого үндөдү.