22.10.2025

Кароолор: (204)

МАМЛЕКЕТ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЖАҢЫ МЕХАНИЗМДЕРДИ ИШКЕ КИРГИЗЕТ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 14-августунда №415 токтомду кабыл алып, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү максатында бир катар мамлекеттик колдоо чараларын бекитти. Бул чечим балдар бакчаларындагы орундардын жетишсиздигин жоюуга жана балдарды мектепке чейинки билим менен кеңири камтууга багытталган.

Жеңилдетилген кредиттик долбоор ишке киргизилет

Токтомдун негизги бөлүгү — “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү” аттуу пилоттук долбоор. Аталган долбоор 2024-жылдын январынан тартып ишке ашырылып жатат жана 60 айлык мөөнөттү камтыйт. Каржылоо булактары катары республикалык бюджет жана коммерциялык банктардын каражаттары каралган.

Долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген кредиттер берилет:

Балдар бакчаларынын жаңы имараттарын куруу үчүн — 70 млн сомго чейин, 60 айга;

Иштеп жаткан имараттарды капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо үчүн — 50 млн сомго чейин, 60 айга;

Негизги каражаттарды сатып алуу жана жаңылоо үчүн — 10 млн сомго чейин, 36 айга.

Коммерциялык банктар бул кредиттерди “Кепилдик фонду” ААКнын катышуусу менен каржылай алышат. Кредиттик каражаттарды кайтаруу боюнча тобокелдиктерди банктардын өздөрү көтөрөт.

Аймактарда жер тилкелери бөлүнөт

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын региондорунда атайын жер тилкелери бөлүнүп, ал эми Күн-Чыгыш Айыл өкмөтүнөн 2 га жер каралган. Ошондой эле, мамлекеттик менчиктеги жерлерди 49 жылга чейин ижарага берүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди — бул балдар бакчаларын куруу үчүн 0,75 гектарга чейин жерди камтыйт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мектепке чейинки билим берүү уюмдарын курууда инженердик тармактарды туташтырууну камсыз кылуу сунушталды. Ал эми Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору дидактикалык материалдарды, оюнчуктарды жана эмеректерди өндүрүү боюнча долбоорду демилгелөөгө көмөк көрсөтөт.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлгөн.