14.11.2023
Кароолор: (44)
Мал соючу цехтин ачылыш болуп өттү

ЭШПЕРОВ АЙЫЛЫНДА МАЛ СОЮУЧУ ЦЕХ АЧЫЛДЫ
Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына караштуу Ж.Эшперов айылында заманбап мал союучу цех ачылды.
Ж.Эшперов айылынын түштүк тарабына аталган айылдын тургуну, жеке ишкер Кенжебек Закиряев заманбап мал союучу чакан ишкана курууну максат кылып, 2017-жылы иш баштаган. Жакшы ниет, асыл тилек менен башталган иш да аягына чыгып, ушул жылдын 14-ноябрында эшигин ачты. Бул мал союучу жай азыркы учурдун жана таможниялык союздун талаптарына туура келген бардык ветеринардык жана санитардык эрежелерге ылайык курулган. Ошондой эле керектелүүчү заманбап жабдуулар коюлуп, эң негизгиси азык-түлүк коопсуздугун сактап, элибизге таза мал чарба азыктарын берүү болуп эсептелинет.
Бул цехтин жалпы аянты 0,20 гектар. Курулуш иштерине жалпы 9 200 000 сом акча каражаты жумшалган, анын ичинен 1 700 000 сом 12 пайыз менен “Кыргыз-Орус Өнүктүрүү” фонду тарабынан, 1400 000 сом “АРИС” уюмунан грант катары, 2 000 000 млн. сом “Ысык-Көл өнүктүрүү” фондунан алынган, ал эми 2 000 000 сом менчик ээсинин эсебинен чыгымдалган. Ошондой эле “Кумтөр Голд” компаниясынан жардам катары төрт контейнер алган.
Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Астанакулов, акимдин биринчи орун басары Б.Мамбетов, райондук мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын башчысы С.Жумакадыров, агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Жакыпбеков, Б.Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыров алдыга кадам таштап, жаңы ачылган цехтин иш алып баруудагы технологиясы менен таанышышып, районубуздун тургундары үчүн ыңгайлуу шарттын түзүлүп жаткандыгына токтолушуп, алдыда аткарыла турган иштердин ийгиликтери арбын болсун деген тилектерин айтышты.
Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусу боюнча мал союучу үч цех бар болсо, ал эми Тоң районунда биринчилерден болуп ачылып жатат. Бул жайдан бир күндө 18 бодо, 25 кой союла турган толук кандуу шарттары бар. Атайын адистер иш алып барышып, 12 адам жумуш менен камсыз болмокчу.