29.08.2025
Кароолор: (30)
Кыргыз Республикасында бир күндө 100 ашык социалдык объект ачылып, элге тапшырылды

2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында чындап эле мамлекеттик майрамдын мааниси сезилди. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматында уюштурулган иш-чарада өлкө боюнча 100дөн ашык социалдык объект бир эле күнү пайдаланууга берилди. Бул долбоорлор мамлекеттин жашоо-турмушун жакшыртууга, билим берүүгө, спортко жана саламаттыкты сактоого багытталган.
Негизги ачылыш аземи Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Б.Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Төрт-Күл айылында болду. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси А. Азарбеков жана Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Осмоновдун катышуусунда Ү. Ибраев атындагы жаңы спорт комплекси пайдаланууга берилди. Иш-чарага спорт комплекстин куруучулары, Ү. Ибраевдин жакын туугандары жана айыл тургундары катышып, жаңы заманбап спорт залдын ачылышын биргеликте белгилешти.
Спорт комплекси республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, сметалык баасы 29 070 056 сомду түздү. Бул объект аймактагы жаштар үчүн заманбап шарттарды түзүп, дене тарбия жана спортко болгон кызыгууну арттырууга багытталган.
Бирок, бүгүнкү күндүн эң маанилүү окуясы Ош шаарында болду. Президент Садыр Жапаровдун жумушчу сапарынын алкагында Валентина Терешкова атындагы №11 мектеп-интернатынын тарыхый ачылышы белгиленди. 1963-жылы курулган мектеп 2022-жылдан тартып толук реконструкцияланып, заманбап стандарттарга ылайык жаңыртылды.
Ачылышка мектептин ысымын алып жүргөн космонавт-баатыр Валентина Терешкова видео байланыш аркылуу катышып, ыраазычылыгын билдирди:
«Мектеп менин ысымымды жарым кылымдан ашык убакыттан бери алып жүрүп келет. Мектепти жаңы талаптарга ылайык реконструкциялоо аракеттериңер үчүн чоң рахмат. Мугалимдерге жана окуучуларга ийгиликтерди каалайм».
Ачылышка Россия Федерациясынан да көрүнүктүү коноктор катышты: РФ Президентинин администрациясынын башчысы Игорь Маслов, РФтин Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов жана Мамлекеттик Думанын депутаты Николай Валуев. Президент Садыр Жапаров конокторго көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана мектептин тарыхый маанисин баса белгиледи. Ал мектептин миңдеген бүтүрүүчүлөрдү, анын ичинде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди тарбиялаганын эске салды.
Мамлекет башчысы билим берүүдөгү реформаларга токтолуп, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, «Алтын Казык» улуттук программасын киргизүү, мугалимдерди жаңы ыкмалар боюнча даярдоо (16 миңге жакын мугалим STEM багыттары боюнча), ошондой эле 37 миң мугалимдин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. Мугалимдерге 27 миңден ашык ноутбук бөлүштүрүлүп, окуу китептерин басып чыгарууга 744 млн сом каралган.
«Мугалимдер коомдон бир нече кадам алдыда болушу зарыл. Күн сайын изденүү, билимиңерди өркүндөтүү аркылуу гана бүгүнкү балдарыбызга заман талабына ылайык билим жана тарбия бере аласыздар», – деди Президент.
Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттин белеги катары 100дөн ашык социалдык объект – 57 мектеп, 17 бала бакча, 9 спорт зал жана 11 медициналык мекеме – ачылды. Ачылыш аземинен кийин Президент Россиядан келген коноктор менен бирге кайра курулган мектептин имараттарын кыдырды.
Бул күн Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү ийгиликтүү социалдык саясаттын жана билим, спорт, саламаттык сактоо тармактарындагы ири инвестициялардын далили болду. Ачылган объекттер келечек муундар үчүн билим, дене тарбия жана саламат жашоо шарттарын түзүүгө чоң салым кошот.