04.03.2026
Кароолор: (49)
Күн-Чыгыш айыл аймагында иш сапар: экология жана социалдык объектилер көзөмөлдө
2026-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Күн-Чыгыш айыл аймагына иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бактыбек Осмонов, акимдин биринчи орун басары Болот Мамбетoв, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмек Кадыров жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Делегация Сары-Талаа участогунда болуп, жеринде жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Инфраструктуралык маселелер, коопсуздук талаптары жана долбоорлордун аткарылышы боюнча маалыматтар угулду.
Ошондой эле Кажы-Сай айылында «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан уран калдыктарын рекультивациялоо долбоорунун аткарылышы тууралуу маалымат берилди. Долбоордун негизги максаты – аймактын экологиялык коопсуздугун камсыздоо жана калктын саламаттыгын коргоо. Жүргүзүлүп жаткан иштердин сапаты жана мөөнөттөрүнүн сакталышы көзөмөлгө алынганы белгиленди.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында мектеп, бала бакча жана медициналык мекемелердин абалы менен таанышуу жүргүзүлдү. Социалдык объектилердин инфраструктурасын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери каралды.
Иш сапардын жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл тиешелүү жетекчилерге уран калдыктарын рекультивациялоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоо, ошондой эле социалдык объектилердин абалын жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Аталган иш сапар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган иштердин алкагында уюштурулду.











