28.11.2024

Кароолор: (48)

КР прокуратура органдарынын түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгына жана Тоң райондук прокуратурасынын жаңы курулган имаратынын ачылыш аземи

2024-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгына жана Тоң райондук прокуратурасынын жаңы курулган имаратынын ачылыш аземи болуп ѳттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын башкы прокурору М.Асаналиев, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын акими Б.Осмонов, райондук мекеме жетекчилери жана айыл ѳкмѳт башчылары катышып, иш-чаранын жүрүшүндѳ куттуктоо сѳздѳрү айтылып, Тоң райондук прокуратура кызматкерлерине Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктары тапшырылды.