20.06.2025
Кароолор: (57)
КОӉУР-ӨЛӨӉ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

2025-жылдын 19-июнунда Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Коңур-Өлөң айылында заманбап 50 орундуу бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул маанилүү окуя — айыл тургундары үчүн гана эмес, жалпы Ысык-Көл облусу үчүн да социалдык өнүгүүнүн олуттуу белгиси болуп калды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.К. Алиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.К. Арпачиев, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.А. Осмонов, коомдук ишмер С.К. Касманбетов, мекеме жетекчилери жана Коңур-Өлөң айылынын жалпы коомчулугу катышты.
Ачылышта сөз сүйлөгөн расмий өкүлдөр бул мекеменин маанисин жогору баалап, бала бакчанын ачылышын — келечек муунду сапаттуу тарбиялоого жана билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган ишенимдүү кадам катары белгилешти. Алардын айтымында, мындай мекемелерди ар бир аймакка жеткирүү — азыркы мамлекеттик саясаттын туруктуу багыты бойдон калууда.
Каржылоо булактары: биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы
Жалпы сметалык наркы 35 888 526 сомду түзгөн бул обьекттин курулушу ар тараптуу каржылык өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылды:
- Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан – 35 322 826 сом,
- Тоң райондук өнүктүрүү фондусунан – 419 100 сом,
- Ак-Терек айыл өкмөтүнөн – 146 600 сом бөлүнгөн.
Бул каржылоо модели мамлекеттик, региондук жана жергиликтүү деңгээлдердеги кызматташуунун жогорку үлгүсүн чагылдырып, аймактык өнүгүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири катары бааланууда.
Бала бакча — бул жөн гана билим берүү мекемеси эмес, келечекке салынган узак мөөнөттүү инвестиция. Балдардын жаш курагында алган тарбиясы алардын келечектеги инсан катары калыптанышына, билим деңгээлине жана коомдогу активдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет.
Коңур-Өлөң айылындагы жаңы бала бакча ата-энелер үчүн да чоң жардам болууда. Эми жергиликтүү тургундар балдарын коопсуз, ишенимдүү жайга калтырып, өздөрүнүн күнүмдүк иштерине толук кандуу катыша алышат. Бул, өз кезегинде, айылдагы социалдык-экономикалык активдүүлүктүн да жогорулашына өбөлгө болот.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыра Жапаров жетектеген учурдагы мамлекеттик саясатта региондорду өнүктүрүү негизги артыкчылыктардын бири катары аныкталган. Аймактардагы билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу — мамлекеттик программалардын өзөгүн түзүп келет.
Акыркы жылдарда өлкө боюнча ондогон мектептер, бала бакчалар, ФАПтар жана маданий мекемелер колдонууга берилүүдө. Бул багыттагы ишмердиктин жандуу мисалы катары Коңур-Өлөң айылында пайдаланууга берилген жаңы бала бакчаны айтса болот.
Айыл тургундары жана ата-энелер бала бакчанын ачылышын чоң кубаныч жана ыраазычылык менен кабыл алышты. Алар мамлекеттик бийлик органдарына, эл өкүлдөрүнө жана жергиликтүү жетекчилерге ыраазычылыктарын билдирип, мындай демилгелердин уланышына үмүт артаарын айтышты.
Жаңы бала бакчанын ачылышы — бул мамлекет, коом жана жарандардын өз ара аракеттешүүсүнүн, биргелешкен жоопкерчиликтин жана келечек үчүн бирдиктүү умтулуунун жыйынтыгы.
Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү ар бир аймактагы жашоочулардын турмуш сапатынан башталат. Бүгүн пайдаланууга берилген бул бала бакча — келечек муун үчүн түзүлгөн шарт, ата-энелер үчүн ишенимдүү колдоо жана мамлекет тарабынан социалдык саясаттын туруктуу жүргүзүлүп жатканын тастыктаган дагы бир ачык мисал.
Коңур-Өлөң айылынын бул жетишкендиги — жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө кошулган салым. Мындай позитивдүү кадамдар мындан ары да уланып, ар бир айылда реалдуу өзгөрүүлөрдү жаратып, балдардын бакубат жашоосуна шарт түзүп берери шексиз.