30.09.2025

Кароолор: (258)

КӨК-САЙ АЙЫЛЫНДА «КЫРГЫЗ-ЖАПОН КАЙРЫКТАРЫ» КОНЦЕРТИ ӨТТҮ

Көк-Сай айылындагы Жайчы бозүй лагеринде кыргыз эстрада ырчысы Гүлүм Касымбаева менен белгилүү жапон композитору жана ырчысы Асано Юкинин чыгармачылык кызматташтыгынын алкагында «Кыргыз-Жапон кайрыктары» аттуу маданий концерт өткөрүлдү.

Иш-чарада кыргыз жана жапон обондору айкалышып, көрүүчүлөргө унутулгус чыгармачылык атмосфера тартууланды. Концерт кыргыз жана жапон элдеринин маданий достугунун символу катары чоң кызыгуу жаратты.

Концерт учурунда Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Төлөнгүтова Нурия Өндүрүшовна сөз сүйлөп, бул чыгармачылык кызматташтыктын кыргыз жана жапон маданиятын жакындаштыруудагы маанисине токтолду. Ал мындай маданий байланыштар достукту чыңдоого жана маданий баалуулуктарды кеңири жайылтууга өбөлгө болорун белгиледи.