20.11.2023
Кароолор: (38)
Кара-Коо айылында мектептин имараты ишке берилди

Кара-Коо айылында жаңы мектептин ачылышы болуп өттү.
Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрь күнү Кара-Коо айылында чыгаан мугалим Рашит Жангазиевдин атындагы жаңы мектеп ачылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Малиев, Б.Түлөбаев , Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева, Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчиси Н.Орунтаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Султанбаева ,
Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Астанакулов , орун басарлары Б.Мамбетов , Г.Шаршенбек кызы жана жана жергиликтүү тургундар катышты.
Заманбап билим берүү мекемесинин жалпы сыйымдуулугу 350 орун. Курулушу 2014-жылы башталып, жергиликтүү коомчулуктун аракети жана өкмөттүн колдоосу менен 2023-жылы аяктаган.