03.07.2025

Кароолор: (48)

Экономикага 35 жылдык кызмат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы быйыл өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатат. 1990-жылы негизделген бул орган бүгүнкү күндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана мамлекеттик бюджетти камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ болуп, ишенимдүү институт катары калыптанды.

35 жылдык тарыхында Мамлекеттик салык кызматы салык системасын чыңдоо, мыйзамдуулукту сактоо жана ишмердүүлүктү ачык жүргүзүү аркылуу өлкөнүн каржы тутумун бекемдөөгө олуттуу салым кошту. Заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди ишке киргизүү менен салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын укуктарын коргоого багытталган иштер үзгүлтүксүз жүрүп келет. Бул — кызматтын кесипкөйлүгүнүн жана мамлекетке берилгендигинин айкын далили.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекетибиздин негизги киреше булагы болгон салыктарды өз убагында жана толук жыйноо менен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, социалдык маселелердин чечилишине жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына жол ачууда.

Маараке алкагында бир катар кызматкерлер жана жарандар мамлекет жана тиешелүү органдар тарабынан сыйланышты. Бул сыйлыктар алардын көп жылдык үзүрлүү эмгегине жана жогорку жоопкерчиликтүү мамилесине берилген зор баа болуп саналат. Атап айтканда, Намазбаев Уларбек Акылбекович «Салык кызматынын отличниги» төш белгиси менен, Омоева Бактыгул Турсунбековна Ардак грамота менен, Исакеева Кундуз Кыдыралиевна Грамота менен, Муратов Айдарбек Мелисбекович Алкыш менен сыйланышты. Ошондой эле Ак-Терек айыл өкмөтү тарабынан Жылкычы уулу Талантбекке «Ардактуу Атуул» төш белгиси ыйгарылды. Салык төлөөчүлөрдөн Мурзамамбетов Темирбек Турсунаалиевич, Жапарова Роза Берикбаевна, Жаналиев Тилск Тентимишович, Асаимолдоева Осуят Мюдуновна, Букаев Толенду Жыргаловичтерге да ыраазычылык билдирилди. Салык кызматынан ардагерлер — Мусаева Нарынбубу Куменовна, Абдылдаева Айнагүл Токоевна жана башкалардын эмгеги дагы өзгөчө белгиленди.

Мамлекеттик салык кызматынын Тоң району боюнча башкармалыгы да бул жалпы ийгиликтердин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Райондогу кызматкерлердин тынымсыз аракети менен бюджетти киреше жагынан камсыз кылуу жана салыкты башкаруунун сапатын жогорулатуу жаатында жакшы жыйынтыктарга жетишилди. 2023-жылы план 102 пайызга аткарылып, бюджетке 288 миллион 65 миң сом түшсө, 2024-жылы план дагы 102 пайызга камсыздалып, 293 миллион 457 миң сом топтолду. 2025-жылдын алты айында болсо план 107,9 пайызга аткарылып, бюджетке 139 миллион 50 миң сом киргизилди. Бул ийгиликтер Тоң районунун салык кызматкерлери менен айыл өкмөттөрүнүн тыгыз кызматташтыгынын натыйжасы болуп саналат.

Бул маараке күнү Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Осмонов Бактыбек Арапбаевич атайын куттуктоо сөзүндө салык кызматынын өлкөнүн экономикасындагы жана социалдык туруктуулукту камсыздоодогу ордун баса белгилеп, райондук салык кызматынын үзүрлүү ишине жогору баа берди. Ал мамлекеттик кызматтын жоопкерчилигин ак ниет аткарып, райондун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Мамлекеттик салык кызматы бүгүн да санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөшүү, салык төлөөчүлөр менен ачык жана ишенимдүү мамиле түзүү иштерин мындан ары да кеңейтүүгө багыт алып бара жатат. Электрондук кызматтардын көбөйүшү салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана убакытты үнөмдөөнү камсыздап, ишенимди арттырууда.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын 35 жылдыгы — бул тармактын туруктуулугунун, кызматкерлердин кесипкөйлүгүнүн жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнүн айкын көрсөткүчү. Ал келечекте да өлкөнүн каржылык коопсуздугунун жана социалдык-экономикалык гүлдөп-өсүшүнүн негизги таянычы бойдон кала берери шексиз.