31.08.2025

Кароолор: (10)

Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган акимдин куттуктоосу

Урматтуу мекендештер, Тон районунун мамлекеттик администрациясынын жана Сиздерди, Сиздер аркылуу районубуздун жалпы элин улуттук майрамыбыз-Кыргыз Республикасынын Эгемендуулугунун 34 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Улуу майрам күнү жалпы элибизге бейкутчулукту, ынтымак-ырыскыны, күжүрмөн эмгекти, бекем ден соолукту каалайбыз. Эгемендүүлүктүн ар бир күнү жакшылыктарды алып келсин.

Мындан 34 жыл мурда, жерибизде эркиндиктин байрагы көтөрүлүп, өлкөбүздүн көз карандысыздыгы жарыяланган 1991-жылдын 31-августу элибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган. Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын жарыя болушу ХХ кылымда гана эмес, кыргыз элинин бүтүндөй тарыхындагы эн маанилүү окуяга айланган.

Бул күн эки мин жылдан ашуун убакыттан бери ашуу ашып, таш баскан, нечен замандарды башынан өткөргөн касиеттүү кыргыз элибиз эркиндикке жеткен улуу күн.

Урматтуу мекендештер!

Эгемендүүлүккө жетишкен 34 жыл ичинде өлкөбүздүн башка аймактары сыяктуу эле Тоң районунда дагы көптөгөн өзгөрүүлөр болуп келе жатат. Учурда мамлекеттин саясаты айылдарды өнүктүрүү, инфраструктураларын жакшыртуу, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталып, бул багытта бир катар иштер аткарылып жатат. Райондун аймагында туризм тармагы өнүгүүнүн приоритеттүү багытына айланып, учурда Тоң району этнотуризмдин мекенине айланып бара жаткандыгын белгилей кетүүбүз керек.

Жалпыныздарды дагы бир жолу тарыхыбыздагы жаркын окуя Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын 34 жылдык майрамы менен кызуу куттуктап, бардыгыныздарга бекем ден соолук, ар бир үй бүлөгө бакыт-таалай, береке-молчулук, аманчылык каалайм. Жергебизде тынчтык жана биримдик болсун.

Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Осмонов