27.11.2024

Кароолор: (53)

Четинди участкасына окуучуларды ташуучу автобусу берилди

Бүгүн, 2024-жылдын 27-ноябрында Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким Б.А.Осмонов, акимдин орун басары Г.Шаршенбек кызы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.К.Кыдырова, Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж.Зарнаев Ала-Баш айылындагы Муса Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебине окуучуларды ташуучу кичи автобусту тапшыруу салтанаттуу иш-чарага катышышты. Четинди участкасында жашап Ала-Баш айылындагы мектепке барып билим алып жаткан окууучу балдар жаңы мектеп автобусун кубануу менен тосуп алышты.

Белгилей кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына Россиянын “Евразия” автономиялык бейөкмөт уюму Кыргызстандын өкмөтүнө 100 даана автобус тапшырган.

Министрлер Кабинетинин чечими менен жаңы автобустар окуучуларды ташуу үчүн Кыргызстандын алыскы аймактарына бөлүштүрүлүп, белекке берилген.