16.08.2025
Кароолор: (64)
БОЗ ҮЙ – УЛУТТУК СИМВОЛ ЖАНА ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БУЛАГЫ

Кыргыз элинин тарыхында боз үй өзгөчө орунду ээлейт. Кылымдар бою көчмөн турмуштун, улуттук биримдиктин жана ынтымактын символу катары сакталып келген бул баалуулук бүгүн да өз маанисин жоготкон жок. Боз үй – улуттук сыймыгыбыз, туризмди өнүктүрүүдө жана маданий мурастарды даңазалоодо маанилүү орду бар руханий мурас.
2025-жылдын 16-августунда Тоң районунун Кызыл-Туу айылында этномаданий «Юрт Фест» фестивалы өткөрүлдү. Иш-чара райондук мамлекеттик администрациянын колдоосу жана жергиликтүү тургундардын демилгеси менен уюштурулуп, улуттук өнүктүрүү программаларынын алкагында туризмди жана кол өнөрчүлүктү жайылтууну көздөдү. Кызыл-Туу айылы — Кыргызстандагы жалгыз жер, анда боз үй жасоо өнөрү толук бойдон сакталып, муундан-муунга өткөрүлүп келет. Учурда айылда болжол менен 1900 тургун жашап, алардын 80 пайыздан ашыгы салттуу боз үй жасоо менен алектенет.
Фестивалга Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Осмонов Бактыбек Арапбаевич, жергиликтүү тургундар, республиканын ар кайсы аймактарынан келген коноктор жана чет өлкөлүк туристтер катышты.
Иш-чара саат 10:00 башталып, фольклордук программа, улуттук бийлер, оюндар жана салттуу кийимдердин көрсөтүлүшү менен уланды. Саат 11:20да салбуурун өнөрүнүн чеберлери бүркүт жана ителги менен аңчылык ыкмаларын, тайгандардын катышуусундагы улуттук салттарды көрсөтүштү. Саат 11:50дө ат үстүндө жигитовка өнөрү тартууланды.
12:00дө улуттук тамак-аш устаттары жаргылчакта ун тартуу, чай даярдоо жана боорсок жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүштү. Саат 13:30да эркектер арасында боз үйдү тез көтөрүү, ал эми аялдар арасында боз үйдү ылдам жыйноо боюнча мелдештер уюштурулду.
14:30дан баштап кол өнөрчүлүк боюнча бир катар мастер-класстар өтүп, боз үйдүн уук, кереге жасоо, чий өрүү, шырдак жана ала кийиз жасоо жана топчу тигүү, жип ийрүү, калпак жана элечек даярдоо сыяктуу улуттук өнөр үлгүлөрү көрсөтүлдү.
Көргөзмө кийизден, кайыштан жана жиптен жасалган улуттук буюмдар, боз үйдүн жасалгалары, кооз оюм-чийимдер менен кооздолгон кийимдер, калпактар, элечектер жана колго жасалган сувенирлер конокторго сунушталды.
Иш-чаранын соңунда фольклордук концерт өтүп, катышуучулар кыргыз элинин ыр-күүлөрүн, бийлерин жана көркөм чыгармаларын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бул фестиваль Кызыл-Туу айылынын тургундарынын боз үйгө жана улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматын айгинелеп, туризмди өнүктүрүү жана маданий мурастарды сактоо боюнча мамлекеттик саясатка салым кошту. Мындай иш-чаралар улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап, Кыргызстанды дүйнөлүк аренада таанытууга өбөлгө түзөт.