22.10.2025
Кароолор: (147)
Бишкекте “KyrgyzTranslogistic & GreenEnergyExpo 2025” эл аралык көргөзмөсү өтөт
Кыргыз Республикасынын өнүгүү стратегиясына ылайык, логистика жана жашыл энергетика багыттарын өркүндөтүү максатында 28–30-октябрда Бишкек шаарында “KyrgyzTranslogistic & GreenEnergyExpo 2025” эл аралык адистештирилген көргөзмөсү өтөт.
Иш-чара мамлекеттик мааниге ээ деп таанылган жана транспорттук, логистикалык инфраструктураны, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча улуттук максаттарды ишке ашырууга багытталган. Көргөзмө Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсү №40 дарегинде, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын имаратында уюштурулат.
Көргөзмөнүн уюштуруучусу — “BiExpo” компаниясы, ал эми катышуучулардын катарында 6 мамлекеттен 65тен ашуун компаниялар бар. Алар логистика, транспорт, кампалык жабдуу, коммерциялык техника, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана экологиялык технологиялар жаатындагы жетишкендиктерин сунушташат.
Көргөзмөнүн алкагында бизнес-форумдар, В2В жолугушуулар жана адистер үчүн тематикалык талкуулар өткөрүлөт. Катышуу акысыз, каттоо QR-код аркылуу жүргүзүлөт.
Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, транспорттук жана энергиялык инфраструктуранын заманбап чечимдерин киргизүү, “жашыл экономика” концепциясын ишке ашыруу.
Көргөзмөдө энергияны үнөмдөө, экологиялык транспорт, күн жана шамал энергиясын пайдалануу, аймактардын туруктуу өнүгүүсү сыяктуу маселелер талкууланат. Бул багыттар өлкөнүн аймактары, анын ичинде Тоң району үчүн да өзгөчө мааниге ээ.
Мындай эл аралык форматтагы иш-чаралар Кыргызстандын “Жашыл өсүү” жана “Климаттык туруктуулук” стратегияларына шайкеш келүү менен, жаңы технологияларды жайылтууга, инвестиция тартууга жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.