29.05.2026

Кароолор: (26)

БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫН КОРГОО - МАМЛЕКЕТТИН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТЫ

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, ар бир бала өзүнүн дене-боюнун, акыл-эсинин, руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу. Балдардын укуктарын камсыз кылуу жана алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Ушул багыттагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, калктын укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана жаш муундардын укуктук билим деңгээлин көтөрүү максатында, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында Тоң районунун прокуратурасы тарабынан райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте бир катар иш-чаралар уюштурулду.

Аталган иш-чаралардын алкагында 2026-жылдын 29-май күнү Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында жашы жете элек балдардын арасында сүрөт тартуу конкурсу өткөрүлдү. Конкурстун жыйынтыгында активдүү катышкан балдарга райондун акими жана райондун прокурору тарабынан баалуу белектер тапшырылып, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүнө колдоо көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле балдардын коомдук процесстерге катышуусун кеңейтүү максатында райондук мамлекеттик администрацияда жана райондук прокуратурада экскурсиялар уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө балдар мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Ошондой эле, иш-чаралардын алкагында балдарды колдоого жана алардын укуктарын коргоого багытталган кайрымдуулук акциялары уюштурулуп, жаш муундарга көңүл буруу жана камкордук көрсөтүү маселесине өзгөчө басым жасалды.

Балдардын укуктарын камсыз кылуу, алардын коопсуз жана өнүккөн чөйрөдө өсүп-жетилишине шарт түзүү - бул мамлекеттик органдардын гана эмес, жалпы коомдун жоопкерчилиги болуп эсептелет. Мындай иш-чаралар жаш муундардын укуктук маданиятын калыптандырууга, мамлекет менен коомдун өз ара байланышын бекемдөөгө жана балдардын келечегине инвестиция салууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.