02.06.2025

Кароолор: (29)

«Бактылуу балалык» — улуттук демдин жергиликтүү жаңырыгы

1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Тоң районунда жүрөк жылыткан өзгөчө маанилүү иш-чара өттү. Бул жолу райондогу жаш бөбөктөрдүн үнү коомчулукка жаңырып, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун руху мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын деңгээлинде ишке аша баштады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгына ылайык, 2025-жылдагы балдарды коргоо күнүнө карата Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен «Бактылуу балалык» аталышындагы конкурс уюштурулду.

Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Бактыбек Арапбаевич  өзү катышып, бөбөктөрдү куттуктап, мугалимдерге жана бала бакча жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

— Балдардын күлкүсү – бул мамлекеттин эртеңки келечеги. Ар бир наристенин бакытка, билимге жана жылуу мамилеге болгон укугун камсыз кылуу – биздин түздөн-түз милдетибиз. «Бактылуу балалык» – бул жөн гана тематика эмес, бул жашоонун өзөгүн түзгөн баалуулук. Президент Жарлыгынын жергиликтүү деңгээлде ишке ашып жатышы – бул биз үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык, — деп баса белгиледи аким Б.А.Осмонов.

Конкурс мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин чыгармачылыгын жана тарбиялоо ыкмаларын даңазалоо максатында уюштурулуп, анда район аймагындагы 7 бала бакча активдүү катышты. Ар бир бакча өзүнүн бөбөктөрү менен сахналашып, темага ылайык кыскача театрлаштырылган көрүнүштөрдү, бийлерди жана чыгармачыл номерлерди көрсөтүштү.

Калыстар тобунун чечими менен:
1-орун — №1 бала бакча,
2-орун — №10 бала бакча,
3-орун — №2 бала бакча ээ болуп, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Конкурска катышкан бардык бала бакчаларга кызыктыруучу белектер жана ардак грамоталар тапшырылды. Бул сыяктуу демилгелер райондук деңгээлде балдарга болгон көңүлдү арттырып, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзүп жатат.

Балдарды коргоо — бул саясат эмес, бул тарбия, бул мурас. Эгер бүгүн ар бир бала бактылуу болсо, эртең ар бир жаран жоопкерчиликтүү болот. Бул иш-чара аркылуу Тоң районунда өсүп келе жаткан муунга камкордук көрүү маданияты кайра жаралууда.