29.08.2025

Кароолор: (35)

«Алтын казык – доор өзгөрткөн билим»: Тоң районунда мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Тоң районунда билим берүү тармагындагы маанилүү иш-чара – мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. «Алтын казык – доор өзгөрткөн билим» деген ураан менен өткөн бул жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бактыбек Осмонов, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, ардагер мугалимдер жана жаш адистер катышты.

Аким Б. Осмонов жыйындын катышуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, билим берүүнүн коомдогу орду тууралуу өз оюн билдирди. Анын айтымында, билим берүү – коомдун өнүгүшүнүн локомотиви болуп саналат, ошондуктан мугалимдерди колдоо жана бул тармакка инвестиция салуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон калууда. Ошону менен катар ал өткөн жылдагы жетишкендиктер менен катар кемчиликтерге да токтолуп, аларды жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Эмгек сиңирген мугалимдерге урмат

Кеңешменин жүрүшүндө билим берүү тармагына узак жылдар бою эмгек сиңирген ардагер мугалимдер Ардак грамоталар менен сыйланды. Ошондой эле республикалык тестирлөөдөн жогорку жыйынтыктарга жетишкен педагогдорго жана алардын окуучуларына баалуу белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жаңы окуу жылына мыкты даярдык көргөн мектептер жана бала бакчаларга дипломдор жана баш байгелер ыйгарылды. Өзгөчө кубанычтуу учур – М.Мамбетов атындагы мектептин окуучусу республикалык олимпиадада 1-орунду камсыз кылып, анын мугалими Т. Кабаева демөөрчү Б. Сагынаевдин колдоосу менен Умрага жолдомо алды.

Жаңы окуу жылына даярдык

2025–2026-окуу жылына карата Тоң району боюнча 27 мектеп жана 13 бала бакча толук даярдалды. Райондогу бардык билим берүү мекемелери интернетке туташтырылып, видеокөзөмөл системалары орнотулду. Педагогикалык кадрлар менен камсыз болуу 100 пайызга жетти.

Окуу китептери боюнча камсыздоо кыргыз класстарында 85 пайызды, орус класстарында 81 пайызды түздү. Бул көрсөткүч акыркы жылдары кыйла жогорулаганын көрсөтөт.

Аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу максатында Тоң, Жер-Үй, Көк-Сай, Кара-Талаа, Ала-Баш жана Комсомол айылдарында республикалык бюджеттин эсебинен жаңы мектеп имараттары курулуп жатат. Айрымдарынын курулушу 50 пайыздан ашып, жакынкы мезгилде пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектептерди капиталдык жана утурумдук оңдоолор жүргүзүлдү. Демөөрчүлөрдүн жана бүтүрүүчүлөрдүн колдоосу менен бир катар мектептердин ашканалары, спорт залдары, китеп фонддору жаңыртылды.

Мектепке чейинки билим берүү

Райондо мектепке чейинки тарбиялоо системасы да кеңейүүдө. Азыркы учурда 13 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча, 12 кыска мөөнөттүү борбор, 1 жеке менчик жана 2 үй тибиндеги бакча, 11 эрте өнүктүрүү борбору иштеп жатат. Жалпысынан 2444 бала тарбияланып, бул 6 жаштагы балдардын 53,3 пайызы мектепке чейинки билим менен камтылганын билдирет. Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч кыйла жогорулаган.

Келечекке багыт

Кеңешменин секциялык иштеринде билим сапатын жогорулатуу, жаңы технологияларды киргизүү, балдардын спортко жана чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле мектептерде эски от казандарды алмаштыруу, ашканаларды жана эмеректерди жаңылоо, спорт залдарды куруу зарылчылыгы белгиленди.

Жыйынтыгында мугалимдерге сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу, ата-энелер менен кызматташууну күчөтүү жана окуучулардын тарбиялык ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду.

Тоң районунда өткөн август кеңешмеси жаңы окуу жылына ишенимдүү кадам таштоого негиз түздү. «Алтын казык – доор өзгөрткөн билим» аттуу бул иш-чара мугалимдердин коомдогу ордун жана алардын келечек муундарды тарбиялоодогу маанилүү ролун дагы бир жолу тастыктады.