27.11.2024
Кароолор: (47)
Аким Б.Осмонов Туура-Суу-2 айылынын эли менен жолукту

2024-жылдын 27-ноябрында Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Осмонов бекитилген графикке ылайык Улахол айыл өкмөтүнүн Туура-Суу-2 айылындагы социалдык объекттердин иштери менен таанышып, айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда райондун мекеме жетекчилери жеринде жарандар көтөргөн маселелер боюнча жооп беришип, айрым көйгөйлүү маселелер көзөмөлгө коюлуп, тапшырмалар берилди.