22.04.2026

Кароолор: (1)

Ак-Терек жана Улахол айыл өкмөтүндө элдик жыйын өткөрүлдү

2026-жылдын 21-апрель күнү Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Осмонов, Тоӊ районунун прокурору К.Каримов жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери менен биргеликте Улахол айыл өкмөтүнө караштуу Туура-Суу айылы, Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Ала-Баш, Четинди жана Дөӊ-Талаа айылдарында жергиликтүү тургундар менен элдик жыйын өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан социалдык, инфраструктуралык, билим берүү, саламаттык сактоо, жол, таза суу жана башка актуалдуу маселелер боюнча суроолор жана сунуштар көтөрүлдү. Ар бир айтылган маселе боюнча тиешелүү тармак жетекчилери тарабынан жеринде жооптор берилип, көйгөйлөрдү чечүү жолдору, ошондой эле алдыда аткарыла турган иштер боюнча кеңири маалыматтар айтылды.