03.04.2026
Кароолор: (11)
Ак-Терек айыл өкмөтүндө элдик жыйын өткөрүлдү
2026-жылдын 1-2-апрель күндөрү, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Осмонов райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери менен биргеликте Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу, Кара-Коо, Бар-Булак, Тогуз-Булак, Көл-Төр, Коӊур-Өлөӊ, Комсомол жана Улахол айыл өкмөтүнө караштуу Шор-Булак айылдарында жергиликтүү тургундар менен элдик жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан социалдык, инфраструктуралык, билим берүү, саламаттык сактоо, жол, таза суу жана башка актуалдуу маселелер боюнча суроолор жана сунуштар көтөрүлдү. Ар бир айтылган маселе боюнча тиешелүү тармак жетекчилери тарабынан жеринде жооптор берилип, көйгөйлөрдү чечүү жолдору, ошондой эле алдыда аткарыла турган иштер боюнча кеңири маалыматтар айтылды.




