04.06.2026
Кароолор: (2)
2026-жылдын 4-июнь күнү, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын алдында «Тоң районунун аймагындагы карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу кара тумоо оорусуна каршы аракеттенүү» боюнча атайын командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү
2026-жылдын 4-июнь күнү, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын алдында «Тоң районунун аймагындагы карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу кара тумоо оорусуна каршы аракеттенүү» боюнча атайын командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун негизги максаты – кара тумоо сыяктуу өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар аныкталган учурда тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин текшерүү жана ыкчам чараларды көрүү тартибин практикалык жактан бышыктоо болду.
Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Б. Осмонов, Республикалык өзгөчө кооптуу карантиндик оорулардын алдын алуу борборунун дарыгери Э. Масымбаева, жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери катышышты.
Машыгуунун жүрүшүндө шарттуу түрдө кара тумоо оорусунун очогу катталган кырдаал моделдештирилип, ооруну аныктоо, маалымат берүү, калкты коргоо, очокту локалдаштыруу, дезинфекциялоо жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар аткарылды. Ошондой эле, тиешелүү кызматтардын координацияланган аракеттери текшерилип, өз ара байланыш механизмдери практикалык түрдө иштелип чыкты.



