02.06.2026

Кароолор: (1)

2026-жылдын 1-июнь күнү Тоң районунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

2026-жылдын 1-июнь күнү Тоң районунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара И.Тойчубеков атындагы райондук маданият үйүндө жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Осмонов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары жана алардын ата-энелери катышышты.

Майрамдык программа балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган асфальтка сүрөт тартуу сынагы менен башталып, андан соң мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында «Бактылуу балалык» аттуу конкурс өткөрүлдү. Конкурска райондун аймагындагы 8 бала бакча катышып, өздөрүнүн таланттарын, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жана даярдыктарын көрсөтүштү.

Конкурстун жыйынтыгында баш байгеге №12 мектепке чейинки билим берүү уюму ээ болду. I орунду №3 мектепке чейинки билим берүү уюму, II орунду №4 мектепке чейинки билим берүү уюму, ал эми III орунду №13 мектепке чейинки билим берүү уюму багындырды. Жеңүүчүлөр баалуу тиричилик техникасы менен сыйланышса, калган катышуучулар кызыктыруучу белектерге ээ болушту. Мындан тышкары, бардык балдарга таттуу белектер таратылды.

Ошондой эле асфальтка сүрөт тартуу сынагына катышкан бардык балдар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша белектер менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чаранын өткөрүлүшүнө жана баалуу белектердин берилишине демөөрчүлүк көрсөткөн «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна Тоң районунун элинин жана райондук мамлекеттик администрациясынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Компаниянын социалдык жоопкерчиликтүү демилгелери өспүрүмдөрдүн өнүгүүсүнө жана балдардын бактылуу келечегин камсыздоого чоң салым кошууда.

Ошондой эле Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү тескемесинин негизинде райондогу ата-энесинин камкордугунан ажыраган 32 балага мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары камкордук кылууга бекитилип, алардын социалдык колдоого алынуусун күчөтүү максатында майрамдык белектерди тапшыруу иш-чаралары уюштурулууда.

Балдар – өлкөбүздүн келечеги, элибиздин үмүтү. Алардын ар тараптуу өнүгүүсү, билимдүү, тарбиялуу жана бактылуу болуп өсүшү мамлекетибиздин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Ушул жаркын майрамда бардык балдарга бекем ден соолук, кубанычтуу балалык, бакубат жашоо жана кең келечек каалайбыз.