Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Тоң районун өнүктүрүү фонду
Жарыяланган датасы:
20.11.2023

Тоң районун өнүктүрүү фонду калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого багытталган долбоорлорду колдоого алып, Б.Мамбетов айыл аймагына караштуу Көк-Сай айылындагы Уй-Сарай участкасындагы №2215 суу скважинасын ишке киргизүүгө 200,0 миң (Эки жүз миң) сом, Эшперов айылынын жашоочуларын узгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо долбооруна 100,0миң (Жүз миң) сом өлчөмүндөгү каражатка жабдуу жана материалдарды сатып алууну каржылады. Ошондой эле Кажы-Сай айылынын таза суу бирикмесине 61 790 (Алтымыш бир миң жети жүз токсон) сомго, Тогуз-Булак айылынын таза суу бирикмесине 87 000 (Сексен жети миң) сомго генераторлор сатылып берилди.