Болот Мамбетов айыл өкмөтү

Жалпы маалымат

Дареги:
Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Тоң району, Болот Мамбетов айыл өкмөтү,
Төрт-Күл айылы, Молдогазы көчөсү 21/4.
Индекс: 722313
Тел./факс, эл.почта: bmambetovao@mail.ru

Айыл өкмөтүнүн түзүлгөн күнү:
1-апрель 2024-жыл.

Бийиктиги:
Деңиз деңгээлинен 1690–2000 метр.

Жеринин аянты:
93.97 км², айыл чарба жери — 42,636 га (анын ичинде жайыттар — 37,384 га).

Калк жана улуттук курам

Жалпы калк: 13,012 адам

Улуттук курам: 100% кыргыздар

Тоң районунун калкынын 22% түзөт.

Айыл өкмөтүнүн түзүмү

Депутаттар: 21

Айыл өкмөтүнүн башчысы: Кылжыров Руслан Темирбекович

Айылдык кеңештин төрагасы: Жунушалиев Максат Жеңишбекович

Муниципалдык кызматкерлер: 11 адам

Калктын жашоо шарттары

Жалпы 2727 үй-бүлө турак жайлуу, 722 үй-бүлө турак жайсыз.

6824 жаран жер үлүштөрүн алган.

47 жаран 1996-жылдан бери үлүш жер ала элек.

Эмгек жана социалдык абал

Эмгекке жарамдуулар: 8,035 адам

Пенсионерлер: 1,272

16 жашка чейинкилер: 4,034

Инвалиддер: 629 (345 жалпы оору боюнча, 284 бала чагынан)

Техника жана мал чарба

Автоунаалар: 943 жеңил, 113 жүк ташуучу, 82 айыл чарба техникасы

Мал чарба:

Ири мүйүздүү мал: 9,166

Жылкы: 6,174

Кой-эчки: 44,358

Үй канаттуулары: 16,045

Саламаттыкты сактоо

1 ГСВ жана 6 ФАП иштейт.

Жалпы 16 медицина кызматкери бар.

Билим берүү

Аймакта 7 мектеп жана 4 бала бакча иштеп жатат.

Ичүүчү суу менен камсыздоо

Калктын 95% таза суу ичет.

Айрым айылдарда (Төрт-Күл, Туура-Суу, Ак-Сай, Көк-Сай) суу түтүктөрүнө капиталдык ремонт талап кылынат.

Негизги көйгөйлүү маселелер

Суу түтүктөрүн жана арыктарды оңдоо

Чокмор-Ата суу сактагычын куруу

Кээ бир көчөлөргө шагыл төгүү жана асфальттоо

Төрт-Күл, Ак-Сай, Туура-Суу айылдарына мектеп жана бала бакча куруу

Эшперов айылындагы спорт комплексин оңдоо

Коомдук уюмдар

Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши, Жаштар комитети, Ардагерлер кеңеши, Көчө комитеттери активдүү иш алып барышат.

Миграция

Акыркы жылдары 18-30 жаштагы жаштардын аймакка кайтып келүүсү байкалды. Бул айылдын келечегине чоң үмүт жаратат.

Кайрылуу

Урматтуу жарандар!
Болот Мамбетов айыл өкмөтү силер үчүн ар дайым ачык. Айылдын өнүгүүсү боюнча сунуштарыңарды, көйгөйлөрүңөрдү түздөн-түз айыл өкмөтүнүн башчысына же кеңештин депутаттарына айтып кайрылсаңар болот. Биз чогуу иштеп, биздин аймакты келечекте дагы да өнүккөн, жашоого ыңгайлуу кылабыз!